Жабык аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаменти советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, СССР үчүн 9 жылдан ашык убакытка созулган жана 33 жыл мурун аяктаган ошол алыскы согуштун ардагерлеринен тышкары, Токмок шаарынан Чүй мектеп-интернатынын 30 жетим балдары чакырылган. Иш-чара башталаар алдында бөлүктүн аймагына чакырылган коноктор, Кайтаруу жана көзүтөө департаментинин ардагерлери, мектеп-интернаттын тарбияланучулары, офицерлери жана аскер кызматкерлеринин күчү менен жаш балатылар отургузулду.

"Меймандардын катышуусу менен мындай ишембиликтер жакшы салтка айланып ар жылы өткөрүлүп келет. Бүгүнкү акция өсүп келе жаткан муун үчүн патриоттуулуктун жакшы үлгүсү болуп саналат. Ата-Мекенге, анын ичинде балким биздин башкармалыкка кызмат кылууга умтулат деген ойдобуз", – деп ЖАКнын төрагасынын орун басары полковник Бердикожоев Улан Эмилбекович белгилеп өттү.

- Чүй областтык мектеп-интернатында 5 жаштан 18 жашка чейинки 170 тен ашык бала тарбияланууда, - дейт мекеменин директору Назгүл Мусаева. "Алар үчүн замандаштарынын кандай кызмат өтөп жатканын өз көзү менен көрүү, алар да бир күнү Мекен алдындагы ыйык милдеттин аткара тургандыгын сезүүсү абдан маанилүү" – дейт ал.

Майрамдын жүрүшүндө конокторго жана аскер кызматкерлерине Ооганстандагы согуш кантип жана эмне үчүн башталганы, кандайча өнүгүп, кантип аяктаганы, ал жерге Кыргызстандан барган интернационалист жоокерлердин катышуусу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Ал эми аягында клубунда башкарманын көркөм чыгармачылык коллективи тарабынан концерт уюштурулду. Ошондой эле балдар үчүн бөлүктүн аймагына кызыктуу экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар заманбап аскердик техникаларды жана курал-жарактарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле көрсөтмөлүү сабактар көрсөтүлүп, түшкү тамак уюштурулуп, бардыгы даамдуу солдат боткосунан даам татышты.

Алардын шыктанган жоопторуна жана жалындаган көзүнө караганда, интернаттын көптөгөн окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү кийинчерээк биздин республиканын пенитенциардык тутумунда кызмат өтөөнү кааларында шек жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД