Талас ОИИБде эл аралык эне тил күнүнө карата семинар-кеңешме өттү

Талас ОИИБде эл аралык эне тил күнүнө карата семинар-кеңешме өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

"Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт!

Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт!",

-деп залкар акыныбыз Байдылда Сарногоев керемет ыр саптары менен өз убагында эне тилдин барктуулугуна өзгөчө көңүл бурдурган.

Бүгүнкү күндө улут өз улуттуулугун сактап калуу үчүн мамлекеттик тилди даңазалап, ага жогорку деңгээлде маани берүүбүз керек. Мамлекеттик тилди даңазалоо жана аны өздөштүрүүнү жакшыртуу максатында Талас ОИИБде бир топ иш чаралар аткарылып келүүдө. Имараттарда көрнөк-жарнактар, жарыялар, буйруктар, иш-кагаздар, иш-бөлмөлөрдүн аталыштары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Атайын иш-чаралар уюштурулуп турат.

Бүгүн 14-февраль күнү Талас ОИИБне Талас мамлекеттик университетинин кыргыз тил жана адабият кафедрасынын мугалимдери менен семинар-кеңешме өткөрүлдү. Семинар "Мамлекеттик тил жана Эл аралык эне тил күндөрүнө" карата "Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жакшыртуу" жана "Кыргыз тилинин тарыхы" темасында лекция окулуп, басма сөз кызматы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Ага Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Тулебеков Алмазбек жана башкармалыктын баардык кызматтарынын өздүк курамдары катышты.

Кыргыз тилчи мугалимдери тилдин барктуулугу, анын улуттуулукта ролу жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Анда, башкармалыктын начальнигинин орун басары Тулебеков Алмазбек: "Ар бир мамлекет жараны кыргыз тилин тиешелүү жогорку деңгээлде колдоно билсе, кыргыз баалуулуктарын сыйласа жана барктаса көп ийгиликтерге жетишет. Себеби, кыргыз деген улуу элбиз. Өлгөн сайын өрчүгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн деген санжыралуу улуу Манастын урпактарыбыз. Ошондуктан, кыргыз тилибизди сапаттуу колдонуп, улуттук тарыхыбызга баа берсек өнүгүү жолуна түшөбүз"-деди өз сөзүндө.

Өздүк курам кызыгуу менен ар кандай суроолорду берип, жоопторун алышты. Кеңешме учурунда кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын өнүктүрүү максатында жана улуттуулукту сактап калуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан коомго керектүү сабактар сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД