Жоокерлер менен сержанттардын арасында интеллектуалдык таймаш болуп өттү

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин бөлүктөрдүн арасында "Акыл ордо" интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиева билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, таймаштын катышуучулары аскер кызматынын жоокерлери жана сержанттары болушту. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар суроолорго жооп берип, бир команда болуп иштешти.

Калыстар тобунун курамына КР Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жана А.Салымбеков атындагы бизнес борборунун өкүлдөрү чакырылган.

Интеллектуалдык беттештин жыйынтыгы боюнча 6-окуу батальонунун командасы жеңүүчү аталды. Анын катышуучуларына дипломдор, китептер жана жеңүүчүнүн кубогу тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД