
Быйыл Бишкек шаарына 800 миң бир жылдык гүл отургузулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы №1 күнөсканада бир жылдык гүлдөрдүн алгачкы уруктары себилип, өнүп чыккан гүлдөр атайын чөйчөкчөлөргө отургузулууда.
"Дал ушул жерде эмгекчил багбандар гүлдөрдү кылдаттык менен өстүрүшөт", - деп белгилешти мэриядан.
Маалымат үчүн: Пикировка – бул бир жылдык гүлдөрдүн өнүп чыккандарын атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу процесси. Бул процедура борбордун гүлзарларына гүлдөрдү отургузууда тамыр системасы жабыркабашы үчүн жүргүзүлөт. Ошентип, тамыр системасы бузулбайт жана гүл отургузуудан кийин оорубайт.