Бишкекте троллейбустун 267 айдоочусу жол эрежелери боюнча сынак тапшырды

Бишкекте троллейбустун 267 айдоочусу жол эрежелери боюнча сынак тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экзаменди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү өткөрдү.

"Алар айдоочулар арасында эң көп кетирген каталары бар суроолорду камтыган тесттен өтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Экзамендин жыйынтыгы менен жол инспекторлору профилактикалык баарлашуу өткөрүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД