Бишкекте троллейбус айдоочуларынын айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогорулатылгандан кийин троллейбустун айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

"Бул чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык персоналдардын ишинин көлөмүн жана графигин тыкыр көзөмөлдөп, тыкыр көзөмөлгө алынгандан кийин кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиева кол койду.

Эске салсак, маяна маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин өткөн жылдын аягындагы жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД