Кыргызстандагы 24 медициналык окуу жайдын 17си жабылат

Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтканына таянып "Азаттык" жазып чыкты.

Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында "олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар" экенин айтты:

"Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле "зачет" алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет".

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. Алар – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Алардын тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар.

Министр менчик окуу жайларынын айрымдарында тийиштүү шарт бар экенин, алар жабылбай турганын кошумчалады.

Жабыла тургандардын студенттери окуусун сертификациядан өткөн окуу жайларынан уланта алышары айтылды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда медициналык билим алып жаткан студенттер арасында Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузия мамлекеттеринин жаштары бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД