
2022-жылдын 9-февралында Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарында жайгашкан мектептердин биринен темир тосмолорду уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факт маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
"Ууру" аталыштагы рейддик иш-чараларынын алкагында кабыл алынган иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИББнын Кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн жана Ысык-Ата районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын жасагандыгына шектүү катары 1990-жылы туулган Г.Д., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда бул фактынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.