Кызыл-Кыяда окуучулардын телефондорун тоноп алып жүргөн өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыяда чөнтөк телефондорду тоноп алып жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүүчү мекемелеринде билим алып жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн колдонуп жүргөн чөнтөк телефондорун белгисиз жаран коркутуу жолу менен тартып алып жүргөндүгү боюнча 3 ата-энелерден арыз келип катталат.

Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери "Ууру" ыкчам иш-чарасынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын Орто-Кыштак участкасынын 16 жаштагы Э.И. аттуу тургунун аныктап кармашкан.

Азыркы күндө кармалган жаш өспүрүм тергөөгө алынып келип, тартып алган телефондор өз ээлерине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД