
"Ууру" рейддик иш-чарасынын негизинде жаш өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнөн 2022-жылдын 14-февраль түнү белгисиз адамдар тарабынан сатыкта турган кийим-кечелер уурдалгандыгы боюнча Баткен ШИИБне 3 арыз келип катталат.
"Ууру" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен ШИИБнин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа, Кара-Бак, Айгүл-Таш, Согмент айылдарынын тургундары аныкталып кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар жаш өспүрүм экендиги аныкталып, уурдалган буюмдардын жалпы чыгымы такталууда.