Жети-Өгүздө куткаруучулар жардан түшө албай калган жаранды алып түшүштү

Жети-Өгүздө жардан түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын Ак-Жар жайлоосунда 47 жаштагы А.А. аттуу эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып өз алдынча түшө албай калган.

Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, ал жаранды жардан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда абалы жакшы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД