COVID-19: Акыркы сутканын статистикасы

Кыргызстанда 17-февралга карата COVID-19 илдети 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

• Бишкек – 19;

• Ош – 0;

• Чүй облусу – 7;

• Ош облусу – 1;

• Талас облусу – 0;

• Нарын облусу – 0;

• Ысык-Көл облусу – 7;

• Жалал-Абад облусу – 2;

• Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 216 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД