Кара-Суу районунда Жигули менен Нива сүзүшүп, 2 адам каза болду

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында (Ташлак айылы) Жигули жана Нива үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 4 эркек киши - 1976-жыжы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. у А., жана А.У. (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген, бирок 2 эркек киши 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. у А. ооруканада каза болгон.

Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД