
Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан "Ууру" аталыштагы рейддик иш-чараларынын алкагында кабыл алынган аракеттердин жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Сокулук районунун ИИБнын жана Новопавловка айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте бирөөнүн мүлкүн уурдоого шектелгендерди кармашкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-январында Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылында уюлдук телефонду жашыруун уурдап алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышты жасады деп шектүү катары 2001-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
2022-жылдын 12-февралында арыз менен 1989-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран, белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган, ал арызында ар кандай буюмдарды жашыруун уурдап кетишкен деп көрсөткөн. Муну менен жалпы суммасы 30000 сомго материалдык зыян келтирилгендигин маалымдаган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышты жасады деп шектүү катары 1981-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
2021-жылдын 12-декабрында Сокулук районунун ички иштер органдарына 1961-жылы туулган Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, арыз ээсинин үйүнө жашыруун түрдө велосипед жана башка буюмдарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арызында көрсөткөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышты жасады деп шектүү катары 1980-туулган жылы К.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда. Мындан тышкары аталган жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендиги аныктоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.