Баткенде милиция ата-энелерге балдардын коопсуздугун түшүндүрүүдө

Баткенде ата-энелерге балдардын коопсуздугу түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов орто мектебинде балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери айылдагы ата-энелерге, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, уруу-урууга бөлүнүп топтошуп мушташуунун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүп беришти.

Жыйналышка райондун күч органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

2022-жыл башынан бери бул айылда жаш өспүрүмдөр катышкан 1 кылмыш катталып, бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД