Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери курсанттарга лекция окушту

ИИМдин Республикалык окуу борборунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери лекция окушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022–жылдын 16-февраль күнү ИИМдин РОБдун жалпы укуктук тармактар циклынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча билим алып жаткан 1-3-4-окуу взводдорунун талапкерлерине "Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу" темасында конок лекциясы уюштурулду.

Бул өткөрүлгөн конок лекциясында адам укуктарынын тарых таржымалы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ролу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын түзүмү тууралуу маалыматтар берилип, кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча талапкерлер менен маек курулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД