Ошто өткөрүлгөн "Ууру" рейдинин биринчи күнүндө 35 кылмыштын бети ачылды

Ош шаарында "Ууру" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагындагы мүлк уурулуктарынын алдын алуу, бул багыттагы кылмыштуулукка ыктаган жарандарды аныктоо, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү жана мурда катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери "Ууру" деген шарттуу аталыштагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чараны өткөрүп жатышат. Бул иш-чара 15-16-февраль күндөрү Ош шаарынын аймагында өткөрүлдү. Иш-чараны өткөрүү алдында башкармачылыктын, бөлүмдөрдүн жетекчилиги тарабынан өздүк курамга тиешелүү тапшырмалар, көрсөтмөлөр берилди.

Бул иш-чаранын талабына ылайык, бул күндөрү милиция кызматкерлери бир топ комплекстүү иш-чараларды аткарышты. Алар мурда катталган уурулуктардын бетин ачуу, уурулук менен алектенген топторду табуу, аларды жоопкерчиликке тартуу. Негизги көӊүл биринчи кезекте профилактикалык иш-чараларга жумшалды. Иш-чаранын планында көрсөтүлгөндөй, алдын алуу иш-чаралары окуу жайларында, соода түйүндөрүндө, автобекеттеринде, маршруттук каттамдарда өткөрүлдү. Жарандарга өз буюмдарына сак болуу боюнча эскертүүлөр автоунаа базарында, борбордук базарларда жана кичибазарларда эскертилүүдө. Жарандарга жеке буюмдарга сак болуу боюнча эскертмелер таратылды.

Иш-чаранын алгачкы күнү 15-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгын кызматкерлери тарабынан 35 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинен уурулук - 16, алдамчылык - 8, тоноо - 2. Мурда жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн 1 жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардан уурулуктар же, уурулук менен алектенген жарандар тууралуу маалыматтары болсо төмөндөгү 03222-4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюну суранат. Маалымат берген адам тууралуу купуя сыр сакталмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД