Бишкекте Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен өрттөнүп кетти

Бишкекте Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалын жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдү каптап, от жагуучу бөлмөнүн 8 чарчы метр чатыры өрттөнүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД