Сузакта элдин мал-мүлктөрүн уурдап жүрүшкөн деп 3 жигит кармалды

Сузакта уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө уурулардан зыян тартышкандыгын билдиришип 8 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар короосунан малдарын, үйлөрүнөн сыналгы, ноутбук, кол саат, мүшөктөлгөн жаңгак, үй тиричилик жана зер буюмдарын, кийим-кечелерин, дүкөндөрүнөн акча жана товарларын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпысынан жабырлануучулар 600 000 сомдун тегерегинде материалдык зыянга учурашкандыгын жазышкан.

Жогорудагы фактылар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз-Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Ууру" операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1996-ж.т. тургуну Б.Н., Сузак районунун тургундары 1994-ж.т. Т.С. жана 2004-ж.т. Р.Б. кармалышкан.

Учурда шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктерин табуу жана алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД