ЕАЭБге товарларды ташып кирүүдө QR-коду бар эсеп-фактура талап кылынат

Кыргыз Республикасынын жүк ташуучуларында товарларды Казакстан Республикасынын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында өз ара соодада бузууларды азайтууга багытталган эки өлкөнүн фискалдык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД