Лейлекте "Ууру" рейдинин жүрүшүндө 3 уурулуктун бети ачылды

Лейлекте эки күн ичинде 3 уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун аймагында 15-16-февраль күндөрү "Ууру" ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү 8 жаран катышып, топторго бөлүнүп иш алып барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле мурда катталып, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча ыкчам иш аракеттер уюштурулуп, жыйынтыгында 3 уурулуктун бети ачылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД