
Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тез жардам унааларынын техникалык абалын текшерүү жана айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жыл ичи Бишкекте тез жардам унаалары катышкан 19 жол кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан тартып, тез жардам унааларынын катышуусунда 19 жол кырсыгы катталган. Катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү оорулуу бейтапты ооруканага алып бара жаткан учурда каршы тилке менен айдап бара жаткан учурларда карама каршы тилке менен келе жаткан унаалардын өз убагында жол бошотуп бербөөсү жана катуу ылдамдыкта айдоодон келип чыккандыгы, ошондой эле кээ бир тез жардам унааларынын техникалык абалы оң абалда эместиктен жол кырсыктары келип чыгып жаткандыгы байкалууда.
Мына ошого байланыштуу Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Саламаттыкты сактоо автобазасындагы тез жардам унааларынын айдоочуларына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жолугушуу учурунда биринчиден унаанын техникалык абалына көңүл буруп, дөңгөлөктөрдүн мезгилдик талаптарга шайкеш келүүсү жана оорулуу жарандарды ооруканага ыкчам жеткирүү учурунда, каршы тилке менен айдоодо башка унаалардын жол бошотуп берүүсүнө көңүл буруп, кыймыл учурунда жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттарды байма-бай иштетүү керек экендигин эскертишти.
Эскерте кетсек кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан коомдук транспорттордун техникалык бузууларын аныктоо максатында "Коомдук транспорт" аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп турат.