
Таласта "Уурулук" аталыштагы рейди жыйынтыкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Талас облусунун аймагында 15-февралдан баштап "Уурулук" шарттуу аталыштагы рейди өткөрүлдү. Рейд облус аймагында мүлк кылмыштарын, курал-жарак жана сейфтерден болгон уурулук багытындагы кылмыштардын алдын алуу, токтотуу, бетин ачуу жана мурунку жылдардагы ачылбай калган мүлк уурулуктарынын бетин ачууга багытталды.
Рейдтин жүрүшүндө уурулук боюнча алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлуп, областтын аймагында жайгашкан мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар текшерилип, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Мындан тышкары фасоль алган кампалардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, уурулуктун алдын алуу максатында видео камераларды орнотуу үчүн милдеттендирилди.
Рейд учурунда кызматкерлер тарабынан мурда болгон 5 факты уурулук кылмыштарынын бети ачылды.
Андан тышкары, жалпысынан 266 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан ар кандай жол эрежесин бузган 45 айдоочуларга административдик протокол толтуруп, тийиштүү документи жок унаа башкарып жүргөн 1 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген. Мындан тышкары мурда соттолгон 40 адам ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгы боюнча бөлүнгөн кызматкерлердин ишмердүүлүгү жана аткарылган иш аракеттери ыкчам кеңешмеде каралып, канааттандыраарлык деп табылды.