Бишкек мэриясы эки клиника менен ижара келишимин бузду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, министр оорукананын жетекчилиги менен жолугушуп, А. Исманкулов атындагы "Көздүн микрохирургиясы" клиникасы жайгашкан экинчи корпуста коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн керебеттерди жайгаштыруу боюнча даярдык иштери менен таанышты.

Министр аталган клиника менен болгон ижара келишимин Бишкек мэриясы бузганын белгилеп, "кызыл аймактын" керебет-орундуктарын көчүрүү иштерин жана негизги корпустун керебеттерин соматикалык оорулары бар бейтаптарды кабыл алууга тез арада даярдоону тапшырды.

Ошондой эле министр Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан "КАМЕК" көп профилдүү клиникасы менен ижара келишимин бузганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД