Кара-Буурада милиция окуучуларга тарбиялык иштерин жүргүзүүдө

Кара-Буурада милиция окуучуларга тарбиялык иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери орто мектептерде кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш аракеттерди аткарууда.

Милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмактерлери жер жерлердеги орто мектептерде тынымсыз профилактикалык иштерди алып барышууда. Мугалимдерге сый мамиле жасоо, алардын балдарга берген билимин баалоо жана балдардын мыйзам алдында жоопкерчиликтери деген темаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Акыркы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде балдар жана алардын ата-энелеринин жоопкерчиликтери да айтылды.

Андан тышкары интернет тармактарында тарап жаткан ар кандай жагымсыз видеолордун таасиринен оолак болуу керектиги эскертилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД