
Кадамжайда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга, мектеп окуучуларына коомдук тартипти сактоо максатында топтошуп мушташуулардын, мектеп рэкетчилигин болтурбоо, зордук-зомбулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерге эскертүүлөр берилди.
Бул жыйналышта Кадамжай РИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары, балдар иштери менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер менен тааныштырды.
Быйылкы жыл башынан бери бул аймактан жаш өспүрүмдөрдүн бир бейбаштык кылмышы катталган.