Кызыл-Кыяда ата-энелик милдетин аткарбаган 4 адамга айып пул салынды

Кызыл-Кыя шаарында "Укук тартип" аталышындагы иш-чаранын негизинде 26 жаранга айып пулдар салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаар аймагында 2 күндүк "Укук тартип" аталышындагы комплекстүү иш-чара уюштурулуп, шаар аймагындагы коомдук тартипти сактоо укук бузууларга жол бербөө багытында бир топ иштер аткарылды.

Шаардын тургундарына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди.

"Укук тартип" иш-чарасынын алкагында жалпысынан 26 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 26 протоколдор толтурулду. Тактап айтканда, ата-энелик милдеттерден качкан – 4, жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежерелин бузуусу – 4, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу – 7, автоунаасынын алдыңкы терезелерин караңгылаткан – 1, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган – 10 атуул аныкталып, айып пулдар салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД