Исфананын мал базарына видеобайкоо орнотулуп, көзөмөл жүргүзүлүүдө

Исфана шаарындагы мал базарда Лейлек РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы мал базарга келген жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Исфана шаарындагы мал базар аптанын бейшемби күнү иштеп, район аймагындагы жергиликтүү тургундар, мындан сырткары Кадамжай, Баткен районунун тургундары да барып соода кылышат. Башкача айтканда, мал базар болгон күнү болжол менен 700гө чукул эл келип мал-жандыктарын сата алышат.

Эл жыйналган жерлерде чөнтөк ууруларынын алдын алуу, уурдалган мал-жандыктарын бетин ачуу максатында, ошондой эле калкка мыйзам бузуучулуктун алдын алуу багыты боюнча милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Аталган мал базарга коопсуздукту сактоо максатында атайын 4 видеобайкоо коюлуп, калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында көзөмөл жүрүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД