Жазаларды аткаруу кызматы ардагерлер кызматкерлерди сыйлады

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ардагер кызматкерлерди сыйлады. Ошондой эле, ЖАКнын башкы башкармалыгында Ардагерлер кеңешинин жылдык жыйыны өтүп, анда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, келечекке пландар белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгын майрамдоого, ошондой эле пенитенциардык тутумдагы көп жылдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар инсандар салтанаттуу түрдө сыйланышты. Тактап айтканда, ведомстволук грамоталар, "Ардагер", "Кадир", "Устат" медалдары менен сыйланышты.

ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев чогулгандарды куттуктоо сөзүндө тутумдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү этаптарга токтолду. Булар кызматкерлерди социалдык жактан камсыздоо жана пенсия менен камсыз кылуу, коронавирустук пандемиядан коргоо, санариптештирүүнүн жана онлайн сот процесстери жөнүндө; көмөкчү чарбаларды жана жашылча, эт, сүт менен өзүн-өзү камсыз кылууну өнүктүрү жөнүндө; жаңы кызматкерлерди конкурстук тандоодо талаптарды күчөтүү жана тартипти чыңдоо, жоопкерчиликти жогорулатуу жөнүндө; Кыргызстандын ар кайсы аймактарында бир катар атайын мекемелерди көчүрүү жана жаңы объектилерди куруу боюнча; Чолпон-Ата шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаза аткаруу кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин VI отурумунун жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын делегациясынын Москва шаарында өткөн расмий жолугушууларынын жыйынтыктары жөнүндө, Россия Федерациясынын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматы менен 2022-2023-жылдарга карата кызматташтыктын жумушчу программасына ведомстволордун ортосунда кол коюлгандыгы тууралуу бяндады.

Өз кезегинде ЖАКнын Ардагерлер кеңешинин жетекчиси, Алибай Нишанбаев аталган бирикменин учурдагы ишмердүүлүгү, 2022-жылы өткөрүлүүчү бир катар иш-чаралар жана Кеңештин быйылкы жылдагы ишинин келечектүү багыттары, кайрымдуулук максаттары тууралуу айтып берди. "Ынтымак Береке" фонду ардагерлер уюмунда активдин мүчөлөрүнүн суроо-талаптарын укту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД