Жумгалда 5 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Жумгалда 5 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-февраль күнү "Арсенал" аталыштагы операциясынын алкагында Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү айыл тургандарына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал району тургуну 1947-жылы туулган К.М. аттуу жарандын үйүнөн 2 сайлуу, 3 сайсыз ок атуучу куралдар, ок атуучу куралдын 13 огун мыйзамсыз сактап жүргөн жана 4 капкан табылган.

Бул факт боюнча Жумгал РИИБү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД