
Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери волейбол боюнча эркектер командаларынын арасында өткөн чемпионаттын жеңүүчүсү деген наам үчүн үч күн күрөштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналып, кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын жогорулатууга жакшы түрткү болду.
Жалпысынан волейбол - бул эң мыкты сырткы машыгуулардын бири!
Чемпионатка КР Юстиция министрлигинин ЖАКнын Борбордук аппаратынын, Чүй облусунун бир катар мекемелеринин командалары катышты.
Бишкектеги спорт залдардын биринде курч мүнөздө өткөн оюндардан соң акыры жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду "Омега" атайын отрядынын командасы ээледи. Алардын артындарда орундар, ошондой эле медалдар, кубок жана дипломдор № 1-тергөө абагы, Жаңы-Жер айылындагы № 19-мекеме, жана Вознесеновка айылындагы №14- тарбия мекемесинин командалары ээ болушту.
Мыкты чабуулчу, коргоочу жана башка номинациялардын жеңүүчүлөрү тандалды.