Көк-Арт ашуусунда кар көчкүнүн астында калгандарды издөө иштери уланууда

Жалал-Абадда кар алдында калгандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдиктүү авто техникаларын, 1 мобилдик үйдү кар көчкү баскан.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бүгүнкү күндө издөө иштерин улантуу үчүн Башкармалыктын ЖКБнүн башчысы М.Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак райондук ӨКБнүн башчысы А.Багишев, Сузак райондук ӨКБнүн ЖК бөлүмчөсүнүн башчысы С.Наржигитов, Таш-Көмүр шаарындагы 2-ӨИКОнан 10 куткаруучу жана КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле кар көчкү алдында калган А.Көкөзовдун туугандарынан 30 жаран, Сузак РИИБнөн 8 кызматкер, "Чайна Роуд" ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери жеринде уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, 14-февралда саат болжол 12:30да Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун болжол 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү "Чайна Роуд" ишканасына тиешелүү "Нива" унаасын, бир даана жүктөгүч жана эки даана экскаваторду басып калып, үч киши дайынсыз болууда (аты-жөндөрү такталууда).

Ошондой эле болжол менен саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, натыйжада бир "Пикап" унаасын басып, ошондой эле бир "Пикап" унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен.

Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).

Куткаруу иштерин жетектөөгө ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жетектеген куткаруу ыкчам тобу тартылган.

Ошондой эле 21 куткаруучу, "Чайна Роуд" ишканасынан үч жүктөгүч, бир экскаватор жана 30 кызматкер тартылган.

14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүгүнөн улам, коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ал эми эки жабыркаган "Чайна Роуд" ишкананын кызматкерлеринин жеке унаасы менен жана бир жабыркаган адам куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД