
Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-февралында УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү ("кызмат адамдарына пара берүү") боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалды.
Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.