Этият болгула! Улуттук банк турак жай кооперативдери боюнча маалымат берди

Өлкөдө ар кандай уюмдардын, анын ичинде турак жай кооперативдеринин жарнамалары активдүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк билдирүү жасап, жарандарды этият болууга чакырды.

Улуттук банктын билдирүүсү толугу менен төмөндө:

Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда ар кандай уюмдардын, анын ичинде турак жай кооперативдеринин жарнамалары активдүү жүрүп жаткандыгы байкалгандыгын билдирет. Көпчүлүк учурларда, уюм тарабынан мүлктү сатып алуу үчүн кардарга сатып алына турган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаа ж.б.) наркынын 10дон 50%ына чейин төгүүнү, күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин (көбүнчө 3 айдан 9 айга чейин) калган мүлктүн наркын төлөө сунушталат. Адатта, каржылоо боюнча ишмердүүлүк башка кардарлардын акчалай төгүмдөрүнүн эсебинен камсыз кылынат.

Каржылоо толук кайтарылганга чейин мамлекеттик органда камакка алуу белгиленген шартта, мүлк көбүнчө кардарлардын атына таризделип берилет.

Улуттук банк мындай жагдайларга олуттуу карап, жарандардын этият болуусуна чакырат. Анткени бул сыяктуу уюмдардын ишмердүүлүгүндө жарандар үчүн каржылоону алууга кепилдиктин жоктугу жана алынган мүлктүн жана салынган акча каражаттарынын жоголуп кетүү сыяктуу тобокелдиктер бар.

Мындан тышкары, бул уюмдардын бардык жеткиликтүү документтерин милдеттүү түрдө текшерүүнү: юридикалык жактардын ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтери бар экендигин текшерүүнү, зарылчылыгына жараша алардын аныктыгын мамлекеттик органдардын реестри менен салыштырып чыгууну, келишимдин үлгүсүн изилдөөнү сунуштайт. Топтогон каражатыңызды салууну көздөп жаткан уюмдун "финансылык пирамида" белгисине тиешеси жоктугун билүү максатында көз карандысыз финансылык же юридикалык консультация алууну сунуштайбыз.

"Финансылык пирамиданын" негизги белгилери:

1. ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу же мамлекеттик реестрлерге юридикалык жактын киргизилбегендиги;

2. кардарларды тартуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда активдүү жарнамалоо;

3. кийинки каржылоонун шарты катары күтүү мезгилинин, кирүү жана мезгилдүү төгүмдөрдүн болушу;

4. ишмердүүлүк кардарлардын олуттуу санын тартуудан көз каранды;

5. уюмдун уюштуруучулары, ээлери жана жетекчилери жөнүндө так маалыматтын жоктугу;

6. уюм тарабынан каражаттар тартыла баштаганга чейин бир аз мурда гана каттоодон өткөн, уставдык капиталы минималдуу жана жалгыз эле уюштуруучусу бар;

7. уюм банк рыногундагы кирешелүүлүктөн олуттуу ашкан салымдардын жогорку кирешелүүлүгүн көпчүлүккө убада кылат же кепилдик берет;

8. уюм жогорку кирешелүү ишканага каражаттарды салууга убада берет, бирок аны документ менен тастыктай албайт.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензиясы жана уруксаты бар уюмдардын финансылык кызматтарынан пайдаланууну сунуштайбыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД