
Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 8 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 8 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 4 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.