
Ички иштер министрлигинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Эл аралык эне тил күнүнө карата ар бир тилдин улуулугун, баалуулугун даңктаган видео тартышкан.
Белгилей кетсек, 1999-жылдан бери 21-февралда көптөгөн өлкөлөрдө Эл аралык эне тил күнү белгиленет. Бул күнү ар бир адам өзүнүн эне тилине карата мамилесин ойлонушу кажет.
Ошондой эле, ушул күнү биз дүйнөдө канча тил бар экенин унутпай жана ар бир адам баалашы керек. Анткени, тил-бул элдин маданияты. Башка тилдер менен таанышуу дүйнөнүн канчалык кызыктарга бай экенин түшүнүүгө жардам берет.
