Лейлек мектеп окуучуларынын ортосунда спорттук иш-чара болуп өттү

Лейлек районунда "Достук – биздин күчүбүз!" аттуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Андарак айылында Сумбула айыл аймагындагы мектептердин ортосунда "Достук – биздин күчүбүз!" аталышындагы спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек РИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль - Мекенди коргоо күнүнө арналды.

Бул иш-чаранын максаты аймактарда окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө.

"Достук – биздин күчүбүз!" аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек РИИБнин сыйлуу белектери жана дипломдору тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД