
УКМК тарабынан кармалган Бишкектин вице-мэри Азат Узаков УКМКнын Тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Тактап айткада, Азат Узаков үстүбүздөгү жылдын 18-апрелине чейин камакта болот.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын вице-мэри Узаков Азат Сапарбаевич КР өкмөтүнүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган.
Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С., мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жен учунан сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды.
Такталган боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.
Тактап айтканда мектептин иш жүзүндө, жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С., "Г.П.С." ЖЧКнын башкы директору Т.Г.Т., жана КР Мамкурулуш Турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж., кармалып, УКМКнын Тергөө камак жайнынын убактылуу кармоочу жайын киргизилишти.
Ушундай эле текшерүү иш-чаралары мамлекеттин бюджетинен, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүүдө.