Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар болуп өттү

Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарында жайгашкан орто мектептерде мектеп окуучуларына Мекенди коргоо күнүнө карата ачык эшиктерди өткөрүштү. Ачык эшиктин жүрүшүндө ар бир өспүрүмдүн патриоттук сезимдерин ойготуу үчүн, кызыкчылыктарын арттыруу максатында ИИОнун атайын каражаттарын, формаларын кенен тааныштырып, диалогторду уюштурду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууда, кылмыштуулукта мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул иш-чара №40 Күлдү, №3 Охна гимназия, №34 С.Тешеев, Д.Садыков, Көксал Топтан, А.Камбаров жана Х.Жанибеков атындагы орто мектептеринин окуучуларына өткөрүлдү.

Ошондой эле бул аймакта жайгашкан соода-сатык жайларына жаш өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди, тамеки, насыбай заттарын сатууга тыюу салынган эскертмелери беришип, Кадамжай РИИБи тарабынан даярдалган ЭСКЕРТМЕ баракчаларын илип чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД