Кыргыз улуттук универиситети Венгрия менен кызматташууда

2022-жылдын 16-февралында Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги мырза Кыргыз Улуттук университетине иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Борбордук Европа мамлекетинин туруктуу дипломатиялык өкүлүн, КУУнун ректору Канат Садыков кабыл алды. Шандор Дороги мырзанын бүгүнкү иш сапары, Кыргыз улуттук университети менен Венгриянын ЖОЖдорунун ортосунда билим жана илим тармагында кызматташууну жолго салуудагы биринчи кадамы болду. Анын айтымында, Венгрия Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууга чоң көңүл бурат. Кыргызстандын студенттери, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ошондой эле, 1900-ж. белгилүү венгр чыгыш таануучусу, саякатчысы жана этнографы Алмаши Дьердь өзүнүн "Борбордук Азиядагы саякаттарым" китебинде, ал эми Шандор Дороги мырза кыргыздын "Манас" эпосу венгр тилине которулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Венгриядагы мектеп программасына киргизилгенин белгиледи.

КУУнун ректору, толук маалыматы үчүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине ыраазычылык билдирип, окуу жай тууралуу кыскача айтып, Венгриянын ЖОЖдору менен билим жана илим тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Андан тышкары, Шандор Дороги мырза тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери менен жолугуп, Венгрияда окуганы тууралуу айтып, алардын суроолоруна жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД