Республикалык диагностикалык борбор бейтаптарды кабыл ала баштады

2022-жылдын 21-февралынан тартып Республикалык дартты аныктоо борбору кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу Медициналык академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор төмөндөгүдөй диагностикалык кызматтарды көрсөтөт: УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, суткалык көзөмөлдөө, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентген изилдөө.

Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар. Мекеменин дареги Киев көчөсү 27/1.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги мекемеде көп тармактуу балдар ооруканасын уюштурууну пландаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД