
Бишкекте троллейбустарда беткап кийүү режиминин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын контролерлору коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүүдө.
Ошондой эле троллейбустун ичин күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Кечинде атайын каражаттар менен тазаланып, күндүз кургак тазалоо жүргүзүлөт.
Ар бир троллейбус колду тазалоочу каражаттар менен жабдылган жана беткаптарды айдоочулардан сатып алса болот.
Бишкек мэриясы жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону суранат: беткап тагынып, антисептик колдонуңуз, колду бат-баттан жууп, эмдөөдөн өтүңүздөр.
"Эмдөө - бул өзүңүздү коргоонун бирден-бир натыйжалуу жолу", - деп айтылат билдирүүдө.