Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого бюллетендер участкаларга жиберилди

БШК №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо үчүн бюллетендерди участкаларга жиберди.

Боршайкомдон билдиришкендей, даярдалган шайлоо бюллетендери Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде – 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалган.

Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалган. Кыргыз тилинде - 41 миң 916, орус тилинде - 62 миң 872. Мындан тышкары, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалган.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого 51 талапкер – № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД