
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы жаңы тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын башынан бери 16 миң 508 чакырым узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым тартылып, шаардын 75 көчөсүнө 408 светодиоддук чырактар, беш конуштагы 15 көчөгө 74 чырак орнотулду.
Ошондой эле адистер тарабынан 102 авариялык абал жоюлуп, 71 чырак жаңысына алмаштырылды.
Жарыктандыруу иштери уланууда.