Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 16 адам көз жумду

Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда,15нен 21-февралга чейин, коронавирустан 16 адам көз жумду. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, COVID-19 лабораториялык негизде 12синен, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө – 4нөн аныкталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:

* Бишкек – 12

* Чүй облусу – 2

* Ысык-Көл облусу – 2.

* Өткөн аптада, 8-14-февраль аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 25 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 337 адам жугузган.

Каза болгону – 2946 адам.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД