
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, медаль ШКУнун өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн берилген. Сыйлыкты атайын уюштурулган аземде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тапшырды.