Республикалык диагностикалык борбор КММАнын балансына өткөрүлдү

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Республикалык дартты аныктоо борбору Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор төмөнкүдөй диагностикалык кызматтарды көрсөтөт: УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, суткалык көзөмөлдөө, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентген изилдөө.

Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар.

Байланыш үчүн телефондор: 0312 43 54 23.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД