Жаманкулов: "Цехте топчу тагып иштеп АКШга жол кире чогулткам" (видео)

"Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дегендей, немистердин үйүндө төрөлүп, тайларынын колунда өсүп, студент кезинде топчу тагып иштеп Америкага барууга акча топтогон жигит учурда министрликти жетектеп жаткан чагы. Бул ирет "Бейне" рубрикабыздын коногу, учурдагы маданият министри Азамат Жаманкулов алтындай балалыгы, студенттик кези, АКШга барып көчөдө калганы, кантип министрликке чейин жеткени тууралуу айтып берди.

"Агам экөөбүз таята-таенебиздин колунда чоңойдук"

Мен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынан болом. Советтер союз учурунда атайын Германиядан көчүрүлгөн немистер бар эле, ошолордун негизги отурукташкан жери болгон экен. Алар 90-жылдары көчүп кетишкенден кийин, немистердин үйлөрүндө кыргыздар жашап калышкан. Мен да ошондой үйлөрдүн биринде төрөлүп-өскөм. Балалык кезим ата-энемдин жанында бактылуу өттү. Азыр айылга барып, ошол үйдү көрүп калсам, ата-энемдин кучагында эркелеп жүргөн бала кезим элеске келет. Мен үчүн ошол жерден өткөн жылуу там, жылуу жер жок.

Убагында атам айылдын белгилүү мал доктуру, апам ооруканада көп жыл эл сыйлаган дарыгер болуп, эмгектеништи. Өкүнүчтүүсү, 6-классымда апам бул дүйнө менен кош айтышып, улуу агам экөөбүз таяне, таятабыздын колунда чоңойдук. Атам болсо жеке жашоосун куруп, чет өлкөгө иштегенге кетти. Учурда улуу агам дагы Москва шаарында жакшы кызматта иштеп жатат.

"Акаевдин колунан стипендия алгам"

Мектепте окуп жүргөндө тентектигим жок болчу. Тескерисинче, жакшы окуп, алдыңкы окуучулардын катарын толуктадым. Гимназиядагы уюштуруу иштери дагы менин жоопкерчилигимде эле. Ал жакта жатып окугандыктан, күндө эртең менен саат 6да туруп, таңкы көнүгүү жасап, окуу жайдан 20 минута алыстыкта жайгашкан Талас суусуна барчубуз. Ар бирибиздин жуунганга бирден баклажкабыз бар эле, кошумча ашканага дагы 1ден фляжка бири-бирибизге жөлөнүп алып, көтөрүп суу алып келчүбүз, ар бир баланын бир күндүк планы ошол. Ал эми кеч киргенде баклажкадагы жууна турган суубуз тоңуп калбасын деп, койнубузга салып, жылытып, эртең менен ошол сууга жуунчубуз.

Ошондой күндөрдүн биринде, окуучулардын баарын чогултуп, биздин гимназиянын ачылышы тууралуу видеоролик көрсөтүштү. Ал видеодо биздин тунгуч президент Аскар Акаевич жыйын өткөзүп, эң аягында лицейдин лидери болгон окуучу балага калем сап белекке бергенин көрүп калдым. "Качандыр бир кезде биздин лицейге президент келип, өзүнүн калем сабын мага тапшырса", деп кыялданып, таасирленип калдым.

Убакыт өттү, бир күнү мүдүрдүн орун басары мени чакырып, "Эртең жакшы костюмуңду кийип кел, Аскар Акаевич Таласка келет, Талас боюнча 4 окуучуну президенттик стипендияга тандап алыптыр, алардын бирөөсү сен болдуң" деди. Уккандан кийин дароо бөлмөгө кирип, балдарга айтып, абдан кубандык. Сүйүнгөн боюнча, костюмумду алдым дагы лицейден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан, күтүүчү аялдамага бардым. Ал жактан кечинде машине абдан аз жүрөт. Кол булгалап көпкө турдум, эч ким албайт. Бир маалда кум, топурак ташыган Газ 53 токтоп, мени сала кетти. Сүйнгөнүмдөн өзүмдөн-өзүм кубанып баратсам, айдоочу сурап калды "Сен жанатан бери эмнеге эле күлүп жатасың" деп, мен айттым: "Эртең президенттен стипендия алам, бул менин көптөн берки кыялым болчу" деп. Ал айдоочу дагы бир нече жерге токтоп, кишилерге айтып жатты. Ошентип, 1 жарым сааттын ичинде жеттик. Мен эжемдин үйүнө барсам, ал жакка дагы таянем келип калды. Аларга дагы сүйүнчүлөп, таңкы саат 4кө чейин уктаган жокмун, улам костюмумду тазалайм, анан бир маалда чарчаганымдан уктап кетиптирмин. Эртеси саат 8де үйдөн чыгып кеттим.

Талас облусунун администрациясында турган имарат бар, ал жерге келсем, "Президенттин аппаратынан" деп бир эже тосуп алды. Андан соң, губернатордун бөлмөсүнө киргизип, президент менен кантип учурашып, эмнелерди сүйлөш керектигин үйрөтүп, бизди элдер чогулган залын биринчи катарына отургузушту. Аба ырайы дагы начарлап кеткендиктен келет-келбейт болуп, абдан көпкө күттүк. Бир аздан соң, вертолет менен учуп келди. Биз отурган залга Акаев кирип келип, баарыбыз ордубуздан туруп аны менен учураштык. Ал 2 сааттай өлкөдөгү болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып берип жатты. Эң соңунда фамилиябызды айтып чакыртып, окуучуларга 2400 сомдук стипендия тапшырды, ал убакта биз үчүн өтө чоң акча болчу. Аскар Акаевич менен кол алышып учураштым, колу абдан жумшак болчу, азыркы кезге чейин эсимде. Мен үчүн ал күн эң бактылуу күндөрдүн бири болду.

Ошол күндөн тартып, адам баласы туура кыялданса, кыялдары чындап орундалаарына ынандым. Алган стипендиямды "эгер апам тирүү болсо, апама бермекмин, сиз ал адамдын ордундасыз" деп таянеме 1000 сом тапшырдым. Ал эми калган 1000 сомго лицейге конфет, печенье ж.б сатып алып, 100гө жакын окуучуга таратып бердим.

"1-курс кезимде Америкага иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк болуп калды"

Лицейди ийгиликтүү аяктап, ЖРТдан 188 балл алдым. 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин "Мекемедеги менеджмент" адистиги боюнча, 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин "Финансы" адистиги боюнча аяктагам. 1-курс кезимде Америкага иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк болуп калып, даярдана баштадым. Алгач жумуш берүүчү агенттикке 600 доллар акча төлөдүм, эгер менин талапкерлигим жакса, элчиликке жиберишмек. Ал үчүн "Дордой" базарында иштеп акча чогултуп, катталдым. Көп өтпөй мени аэропортко маектешүүгө чакырып калышты. Дароо барып, ал жактан дагы ийгиликтүү өтүп кеттим. Аэропорттон сүйүнүчүм койнума батпай, үйдү көздөй чуркап баргандагы сезимдер алигиче эсимде. Кийинки кадам виза, билет маселесин чечүү үчүн дагы 600 доллар табышым керек болду. Белгилүү журналист Эркин Рыскулбеков экөөбүз курсташ элек, ага кеңешип, экөөбүз тигүү цехинде топчу тагып иштеп баштадык. Күндүзү сабакка барабыз, кечинде иштейбиз. Эркин тапкан акчасынын баарын мага берет. Ошентип, 1 айда акчаны толук чогултуп, 3 айга АКШга учуп кеттим.

"АКШга барганда бара турган жерим жок 4 күн поездде уктагам"

Самолётко биринчи жолу түшкөм, толкунданып, анда дагы сүйүнүп алгам. Аэропортко келип токтоп, жерге түшө баштаганда башка аба, башка эл. Мен үчүн баары кызык болуп жатты. Өкүнүчтүүсү, мени жумушка чакыргандар тосуп алган жок, чалсам алышпайт. Саат түнкү 12 болду, жанымда болсо, 400 долларым бар. Анан пландай баштадым, анткени, канча күтөм дагы белгисиз. Чикаго менен аэропорттун ортусунда поезд жүрөт экен, 3 долларга 1 жолу билет алсаң, эртең мененкиге чейин жүрүүгө мүмкүн болчу. Ал эми 1 күндүк тамак-ашым 6 долларды түзөт. Күнүнө 10 долларга чейин коротууну чечтим. 4 күн бургер жеп, поездде уктап жаттым. Күндөрдүн биринде мени жиберген компаниянын кызматкерлери байланышып, мени башка штатка чакыртып алышты. Көрсө көчмө оюн-зоок цирки экен. Бардык штаттарды кыдырып, көчмө циркти кураштырып, кайра жыйнап, иштеп жүрдүк.

Көп өтпөй менин иштөөмдү жактырышып, бригадир болуумду суранышты. Жоопкерчилик чоң болгондуктан баш тартып койдум. Ошентип, кайрадан Кыргызстанга келдим. Чогулткан акчама "Риэлт Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомду ачып, 3 жылдан соң, ал тармактан алыстап, мамлекеттик кызматка кызыга баштадым, дегеле коомдук иштер менен алек болуу, коомго пайда келтирүү менин кыялым эле. Ошондуктан, азыркы күнгө чейин ошол кыялым менен жүрүп жатам.

"Көчмөндөр оюнун" өткөргөндөн кийин өзүмдө ишеним пайда болду"

Иш сапар менен Ысык-Көлгө барып калып, ал жактан Көчмөндөр оюнун негиздөөчүсү Асхат Акибаев менен таанышып калдым, ал агай прогресивдүү, жаңыча ойлонгон, чоң долбоорлорду ишке ашыра ала турган жаңы команда топтоп жатабыз деп айтып, иштешели деп сунуш киргизип калды. Анан 2014-жылы апрель айында көчмөндөр оюнунун командасына кошулдум.

Май айынан сентябрь айына чейин даярдыктарды баштадык. Ал убакта Көчмөндөр оюну жөнүндө эч кимдин маалыматы жок. Биринчи жолу массалык маалымат каражаттарына маалымат жарыяланды. Ошентип, 2014-жылы Көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп алган соң, демек, биз дагы ушундай чоң долбоорлорду ишке ашыра алат экенбиз деген ишенич пайда болду. Андан кийин, Кыргызстан курортторунун ассоциациясынын аткаруучу директору болуп дайындалдым. Бир жылдан кийин, Көчмөндөр оюнунда команда менен иштөө, уюштуруу жөндөмдүүлүгүмдү карап, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басарлыгына орун бошоп калып, ал убактагы премьер-министр Темир Аргембаевичтин кол коюсу менен 26 жашымда кызматка келип калдым.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде иштеп жүргөндө, өмүрлүк жарым, Нуржамал Мамбетова менен баш коштук. Учурда бир кыздын ата-энесибиз.

"Тааныш-билишсиз деле кызматка отуруп калышың мүмкүн"

Сөзсүз түрдө бир кызматка жөндөн-жөн келбейсиң, бир нече талапкерлерди сунушташат. Алардын арасынан сенин талапкерлигиңди байкап көрүп, эгер талаптарга жооп берсе, ошол учурдагы башчылар чечим чыгарат. Бул тааныш-билиштик эмес, бул жашоодогу практика. Анткени, кадрлардын бардыгын өлкө башчысына келген инсан тааныбашы мүмкүн. Ошондуктан, ал тармакта иштеген киши менен кеңешип, издешет. Ошондой издеп жаткан учурда, мага дагы бир адамдар түрткү болду деп ойлойм.

"Маданият өкүлдөрү сезимтал адамдар болушат"

Маданият өкүлдөрү көбүн эсе сезимтал адамдар болгондуктан, ортодо кагылышуулар көп болот. Кээ бир болуп жаткан кубулуштарды бүтүндөй жан дүйнөсү менен өткөрүп, бир жыйынтык чыгарышат. Ошол учурларда ар кандай эмоциялар чыгып кетиши мүмкүн. Бүгүн бир нерсени эмоцияң менен айтып жатсаң, эртеси басылып калышың мүмкүн. Ошондуктан, маданият министрлигинин негизги максаты бирөөнү дагы басмырлап, бир тараптуу болбостон, ортодо акыйкат чечимди чыгарып берүү деп эсептейм. Андыктан, маданият тармагынын ичинде болуп жаткан чыр-чатактарга аралашпаганыбыздын негизги себеби ушул.

"Маданият тармагы буюрса, өнүгөт"

Улуттук көчмөндөр оюндары быйыл Түркия мамлекетинде өтө тургандыгы тууралуу расмий маалымат келди. Жакында Түркиянын маданият министри менен жолугушуу өтөт. Ошол жерде майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшөбүз. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгын жарыялап, команданы сентябрь айына даярдап баштайбыз.

Маданият тармагы буюрса өнүгөт. Быйыл маданият тармагын өнүктүрүүгө жетишерлик акча бөлүндү. Жакынкы убакта Кыргыз драма театрын ачабыз. Орус драма театрына оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлөт. Региондогу театр жана музейлерде оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Биздин келечектеги максат борборго дагы жаңы театр салуу. Алдыңкы күндөрү жыйынтыгына чогуу күбө болосуздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД