Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддоруна 30 млнго чукул акча түштү

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышкан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жөнүндө маалымат берет.

Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:

150 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;

1 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;

200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

*"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүшү мүмкүн.

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 21-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 285 298,18 сом сарпталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД