ЖАМКда Мекенди коргоочулар күнүнө карата чоң салтанат болуп өттү

КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы чыныгы эр азаматтардын урматына чоң салтанат уюштурду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ата-Мекенди коргоочулар күнүн утурлай КР ЖАКда салтанаттуу иш-чара болуп, анда бир катар кызматкерлер сыйланды.

Жыйындын катышуучуларына ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал кесиптештерин ушул атактуу дата менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга турмушта жана кызматта эң жакшы каалоолорду айтты.

Андан соң кол чабуулардын коштоосунда Жаза аткаруу тутумунда үзүрлүү иштери үчүн бир катар инсандар салтанаттуу түрдө сыйланышты. Тактап айтканда, ведомстволук грамоталар, "Устат", "Кайрат", "Чоро" медалдары менен сыйланышты. Андан соң майрамдык концерт башталып, "Ордо Сахна" этнографиялык ансамблинин жана Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери ыр-бий менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Ошондой эле, ЖАКнын кызматкерлери, эр-азаматтарга жылуу куттуктоолор айтылып, кесиптештер арасында тематикалык интеллектуалдык викторина өткөрүлдү, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге түрдүү кызыктуу номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды, катышкандардын бири да жагымдуу белектерден куру калган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД